22.03.2018 17:26

«Кыргызтелекомдогу»  коррупциялык зоналар жана тобокелдиктер талкууланды

Коопсуздук кеңештин антикоррупциялык саясаттын мамлекеттик стратегиясын ишке ашырууну контролдоо боюнча жумушчу тобу «Кыргызтелеком» ААКнын ишмердигиндеги  коррупциялык тобокелдерди талдоонун жыйынтыгын карады.

Жыйында белгиленгендей, коррупциялык зоналар финансылык ресурстарды жана мүлктү пайдалануу, телекоммуникациялык кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу жана өнүктүрүү, кадрдык саясат маселелеринде кездешет.

«Кыргызтелеком» - пайда табууга багытталган коммерциялык ишкана болгонуна карабай, уюмдун компанияны өнүктүрүү боюнча стратегиялык документтери жана коммуникация рыногунда  абалын жакшыртуу боюнча планы  жок болуп чыкты.

Коом ресурстарды талаптагыдай пайдаланбай, линияларды (каналдарды)   жеке компанияларга арзан баа менен  же  пайда алып келбеген шарттарда ижарага берүү  келишимдерин  түзгөн. 

Ошондой эле «Кыргызтелеком» ААКнын эсебинен  кийин жеке компаниялар пайдалана ттурган жана жумшалган чыгымдар акталбаган жаңы линияларды же мурдагысын ремонттоо иштери  жүргүзүлгөн. 

«Кыргызтелеком» ААКда  ремонттук, курулуш иштерине, материалдык-товардык баалуулуктарды алууга мамлекеттик сатып алууларды, кызмат көрсөтүүлөрдү тендер өткөрбөй туруп ишке ашыруунун кайталанма  системасы кеңири орун алган.

Жумушчу топтун кеңешмесинин жүрүшүндө укук коргоо органдарына "Кыргызтелекомдун" ишмердүүлүгүнө байланыштуу 11 материал  жөнөтүлгөнү аныкталды.